• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Стационарларда коронавирустан 592 бейтап дарыланууда – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Стационарларда коронавирустан 592 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, 8-июлга карата Кыргызстанда коронавирусту жалпы 8 миң 486 адам жуктуруп алган. Стационарда жаткан 592 бейтаптын ичинен 89у оор абалда, ал эми 17 адам жандандыруу бөлүмүндө. 345 бейтаптын абалы орто оор, 158 адам канааттандырарлык абалда болууда.

“Үй изоляциясында 4 миң 799 адам жатат. Ооруканалардан 2 миң 983 адам чыгарылган. Каза болгондордун саны 112ни түзөт”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-июлга карата коронавирус жуктурган 345 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8486ны түзөт. Алардын ичинен 2983 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуккан 112 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий