• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Статистика: 142 адамдан COVID-19 жаңы табылып, төрт бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2-сентябрга карата коронавирус дагы 142 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 59, Чүй облусунда – 28, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 33, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда - 10 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 102 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 954 бейтап, амбулатордук түрдө 910 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 18 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 169 киши айыгып чыкса, 2 миң 536 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий