• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: 199 адамдан COVID-19 жаңы табылып, беш бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 24-августка карата коронавирус дагы 199 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 96, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 45, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусу - 8 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 444 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 266 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 10 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 347 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 167 миң 146 киши айыгып чыкса, 2 миң 494 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий