• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: 417 адамдан COVID-19 жаңы табылып, алты бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 12-августка карата коронавирус дагы 417 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 201, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 83, Ош облусунда –13, Талас облусунда – 17, Нарын облусунда – 16, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 14, Баткен облусунда – 27 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 743 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 382 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 771 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 170 миң 770 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 160 миң 749 киши айыгып чыкса, 2 миң 426 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий