• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Статистика: Акыркы суткада 11 адамдан COVID-19 илдети табылып, 23 бейтап сакайды

COVID - 19 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 14-мартка карата коронавирус 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 11 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 23 адам илдеттен сакайып чыкса, каза болгон учурлар катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 133 бейтап, амбулатордук түрдө 184 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 742 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 873 киши айыгып чыкса, 2 миң 973 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий