• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: Акыркы суткада 116 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 29-октябрга карата коронавирус дагы 116 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 54, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 91 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 708 бейтап, амбулатордук түрдө 718 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 105 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 493 киши айыгып чыкса, 2 миң 666 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий