• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Статистика: Акыркы суткада 124 адамдан COVID-19 табылып, үч бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 28-октябрга карата коронавирус дагы 124 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 64, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 29, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 705 бейтап, амбулатордук түрдө 699 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң989 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 402 киши айыгып чыкса, 2 664 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий