• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: Акыркы суткада 51 адамдан COVID-19 табылып, төрт бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 22-ноябрга карата коронавирус дагы 51 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында – 29, Чүй облусунда – 1, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 7 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 57 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 483 бейтап, амбулатордук түрдө 641 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 884 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 499 киши айыгып чыкса, 2 миң 727 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий