• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Статистика: Акыркы суткада 93 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 10.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 10-октябрга карата коронавирус дагы 93 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 71, Чүй облусунда – 6, Талас облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда – 10 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 66 адам илдеттен сакайып чыгып, бир бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 449 бейтап, амбулатордук түрдө 702 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 281 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 19 киши айыгып чыкса, 2 миң 619 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий