• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Статистика: Акыркы суткада 93 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 12-октябрга карата коронавирус дагы 93 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 51, Чүй облусунда – 21, Ош облусунда – 1, Талас облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 112 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 442 бейтап, амбулатордук түрдө 672 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 429 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 198 киши айыгып чыкса, 2 миң 622 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий