• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Статистика: Акыркы суткада дагы 840 адамдан COVID-19 жаңы табылып, тогуз бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 5-августка карата коронавирус дагы 840 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 476, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 131, Ош облусунда –31, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 54, Жалал-Абад облусунда – 78, Баткен облусунда – 42 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 1 миң 550 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча тогуз бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 306 бейтап, амбулатордук түрдө 7 миң 629 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 167 миң 76 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 152 миң 402 киши айыгып чыкса, 2 миң 372 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий