• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Статистика: Акыркы суткада коронавирустун жаңы 1 учуру катталып, 9 адам сакайды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 8-апрелге карата COVID-19дун жаңы 1 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коронавирустун жаңы учуру Чүй облусунда катталган.

Ал эми акыркы суткада 9 адам илдеттен сакайып чыгып, илдеттен каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 90 бейтап, амбулатордук түрдө 19 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 969 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 288 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий