• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Статистика: Бүгүн 124 адамдан COVID-19 табылса, 227си айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 124 адамдан табылса, 227си айыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 59 адамдан, Чүй облусунда – 51, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 11, Баткен облусунда – 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 227 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 48, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 74, Ош облусунда – 18, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 44, Жалал-Абад облусунда – 13, Баткен облусунда 6 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 888 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 385 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медик коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 7, стационардан 4 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 126 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 954 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 81 миң 512 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 76 миң 955 киши айыгып чыкса, 1 миң 360 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий