• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Статистика: Бүгүн дагы 199 адамдан COVID-19 табылса, эки киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 26-апрелге карата коронавирус дагы 199 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 138, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 29, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 11, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 146 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 106, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 27, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 9 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 1, Нарын облусунда 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 449 бейтап, амбулатордук түрдө 1 801 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1029 бейтаптын абалы орто оордукта, 345 адамдын абалы оор жана 62 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 405 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 317 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 94 миң 30 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 212 киши айыгып чыкса, 1 миң 584 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий