• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статистика: Бүгүн 70 адамдан COVID-19 табылса, 102 бейтап оорудан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус 70 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, Бишкекте коронавирус – 22 адамдан, Ошто – 1, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда - 4, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда - 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 102 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 47, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 30, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда - 1 бейтап коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте үч адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 527 бейтап, амбулатордук түрдө 617 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча бир медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Үй карантининен 2 медик айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 180 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 97 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп кошумчалады Айнура Акматова.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 832 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 334 киши айыгып чыкса, 1 миң 418 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий