• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 104 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 24.01.21 /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 104 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 35 адамдан, Ош шаарында - 5, Чүй облусунда – 43, Ош облусунда - 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 13, Талас облусунда – 1, Жалал - Абад облусунда - 3, Баткен облусунда - 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 155 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 59, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 44, Ош облусунда – 4, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда - 5 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 400 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 676 бейтап, амбулатордук түрдө 967 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Үй карантининен 3 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 168 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 75 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 900 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 79 миң 927 киши айыгып чыкса, 1 миң 400 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий