• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 107 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 107 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 45 адамдан, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 27, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал - Абад облусунда – 5 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 148 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 60, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 46, Ош облусунда – 10, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 21, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда - 1 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 405 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 3 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 607 бейтап, амбулатордук түрдө 900 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен бир, стационардан 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 168 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 80 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 175 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 80 миң 330 киши айыгып чыкса, 1 миң 405 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий