• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 115 адамдан COVID-19 табылып, 3 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 115 адамдан табылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте коронавирус – 47 адамдан, Чүй облусунда – 43, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 3 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 178 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Бишкекте – 60, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 43, Ош облусунда – 8, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 12, Баткен облусунда – 14 киши коронавирустан айыгып чыкты.

Коронавирустан жалпы 1 миң 374 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкекте - 2 жана Ысык-Көл облусунда - 1 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 808 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 203 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медик коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 6, стационардан 6 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 149 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 26 медкызматкер айыгып чыкты”, - дейт Үсөнбаев.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 82 миң 495 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 78 миң 181 киши айыгып чыкса, 1 миң 374 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий