• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Статистика: Бүгүн дагы 122 адамдан COVID-19 табылып, бир адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 01.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 122 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 43 адамдан, Чүй облусунда – 39, Ош облусунда – 7, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда 3 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 230 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 94, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 54, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 3 Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда 9 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен бир адам каза болгон: Бишкекте бир киши.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 991 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 746 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 4 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 9 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 118медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 927 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 81 миң 156 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 76 миң 148 киши айыгып чыкса, 1 миң 356 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий