• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 123 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 2 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 17.01.21./Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 123 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 42 адамдан, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда - 10, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 22, Талас облусунда – 2, Жалал - Абад облусунда - 6 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 128 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 52, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 40, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 7 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 384 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 796 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 4 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 8 учур катталды. Үй карантининен 4, стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 158 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 55 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 109 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 78 миң 994 киши айыгып чыкса, 1 миң 384 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий