• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 134 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 3 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 134 адамдан табылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 46 адамдан, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 45, Ош облусунда - 12, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 25, Баткен облусунда – 3, Жалал - Абад облусунда - 8 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 152 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 78, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 34, Ош облусунда – 8, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 13, Баткен облусунда 1 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 381 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 3 адам каза болду: Бишкекте - 1, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда - 1 адам.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 812 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 21 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен 4, стационардан 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 150 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 46 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 82 миң 857 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 78 миң 715 киши айыгып чыкса, 1 миң 381 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий