• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 135 адамдан COVID-19 жаңы табылды. Жалпы 82 миң 273

COVID - 19 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 135 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 68 адамдан, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда - 8, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 21, Баткен облусунда – 5, Жалал - Абад облусунда - 6 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 151 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 56, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 39, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда 7 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 369 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкекте - 1 жана Баткен облусунда - 1 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 849 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 225 адам дарыланууда. Акыркы сутка ичинде 1 220 ПЧР изилдөө жүргүзүлгөн.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медик коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 6, стационардан 4 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 146 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 7 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 82 миң 273 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 77 миң 902 киши айыгып чыкса, 1 миң 369 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий