• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 136 адамдан COVID-19 жаңы табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 136 адамдан табылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 83 адамдан, Чүй облусунда – 34, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 5, Баткен облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 9 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 205 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Бишкекте – 72, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 53, Ош облусунда – 15, Нарын облусунда – 14, Талас облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 10 киши коронавирустан айыгып чыкты.

Коронавирустан жалпы 1 миң 378 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкекте - 3 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 806 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 47 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча бир дагы медик коронавирус жуктуруп алган жок. Үй карантининен 5, стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 150 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 40 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 82 миң 723 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 78 миң 563 киши айыгып чыкса, 1 миң 378 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий