• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 147 адамдан COVID-19 табылып, 2 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 09.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 147 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 70 адамдан, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 38, Ош облусунда - 5, Талас облусунда – 0, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 21, Баткен облусунда – 5, Жалал - Абад облусунда - 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 204 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 69, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 49, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 45, Жалал-Абад облусунда – 15, Баткен облусунда 4 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 367 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкекте - 1 жана Талас облусунда - 1 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 862 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 232 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медик коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 8, стационардан 6 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 143 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 997 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 82 миң 138 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 77 миң 751 киши айыгып чыкса, 1 миң 367 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий