• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 162 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 162 адамдан табылып, 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 46 адамдан, Ош шаарында - 11, Чүй облусунда – 72, Ош облусунда - 2, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 24, Талас облусунда – 1, Жалал - Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 124 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 62, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 28, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 4 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 392 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 726 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 10 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 3 учур катталды. Үй карантининен 1, стационардан 4 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 161 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 66 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 430 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 79 миң 373 киши айыгып чыкса, 1 миң 392 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий