• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Статистика: Бүгүн дагы 162 адамдан COVID-19 жаңы табылып, бир адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 162 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 59 адамдан, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 10 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 237 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 96, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 70, Ош облусунда – 12, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 32, Жалал-Абад облусунда – 14, Баткен облусунда 7 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын маалыматында.

Коронавирустан жалпы 1 миң 349 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкек шаарында бир адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 265 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 960 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй карантининен 4 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 106 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 889 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 80 миң 535 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 75 миң 57 киши айыгып чыкса, 1 миң 349 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий