• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 170 адамдан COVID-19 табылып, 2 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 07.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 170 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 54 адамдан, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 49, Ош облусунда - 16, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 20, Ысык-Көл облусунда – 10 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 206 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 67, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 62, Ош облусунда – 8, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 12, Баткен облусунда 6 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 363 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкекте 2 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 885 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 277 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медик коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 4, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 134 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 975 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 81 миң 826 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 77 миң 376 киши айыгып чыкса, 1 миң 363 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий