• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 189 адамдан COVID-19 табылып, бир адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 189 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 65 адамдан, Чүй облусунда – 63, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда 8 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 290 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 93, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 96, Ош облусунда – 17, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 36, Жалал-Абад облусунда – 23, Баткен облусунда 7 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен бир адам каза болгон: Бишкекте бир киши.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 165 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 791 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 4 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 6, стационардан 3 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 112 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 910 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 80 миң 843 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 75 миң 624 киши айыгып чыкса, 1 миң 354 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий