• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 200 адамдан COVID-19 табылып, 6 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 14-майга карата коронавирус дагы 200 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 124, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда – 7, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 6 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 235 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 166, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 45, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда - 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда - 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 768 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 427 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 204 бейтаптын абалы орто оордукта, 464 адамдын абалы оор жана 86 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 527 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 463 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 99 миң 845 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 92 миң 953киши айыгып чыкса, 1 миң 687 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий