• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 247 адамдан COVID-19 табылса, 5 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирус дагы 247 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учрунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте – 146, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 79, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 7, Нарын облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 203 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 119, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 62, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 18 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 469 бейтап, амбулатордук түрдө 1 817 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1049 бейтаптын абалы орто оордукта, 342 адамдын абалы оор жана 65 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 411 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 326 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 94 миң 277 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 415 киши айыгып чыкса, 1 миң 589 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий