• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Статистика: Бүгүн дагы 254 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 10-майга карата коронавирус дагы 254 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 195, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 17, Жалал-Абад облусунда – 9 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 257 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 187, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда - 4 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 683 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 469 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 149 бейтаптын абалы орто оордукта, 434 адамдын абалы оор жана 91 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 495 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 429 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 98 миң 654 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 91 миң 816 киши айыгып чыкса, 1 миң 660 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий