• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 272 адамдан COVID-19 табылып, 7 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 23-апрелге карата коронавирус дагы 272 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 148, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 86, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 18, Нарын облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 163 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 78, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 52, Ош облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 6, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 15, Баткен облусунда – 4 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 406 бейтап, амбулатордук түрдө 1 609 адам дарыланууда. 1004 бейтаптын абалы орто оордукта, 330 адамдын абалы оор жана 59 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 382 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 297 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 93 миң 278 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 87 миң 717 киши айыгып чыкса, 1 миң 573 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий