• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 41 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 41 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 17 адамдан, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 9, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал - Абад облусунда – 3, Баткен облусунда - 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 49 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 12, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 13, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 4 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 359 бейтап, амбулатордук түрдө 259 адам дарыланууда.

"Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 206 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 194 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 451 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 424 киши айыгып чыкса, 1 миң 470 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий