• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 477 адамдан COVID-19 табылып, 8 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 1-майга карата коронавирус дагы 477 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте – 255, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 155, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 28, Нарын облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 14 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 270 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 178, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 61, Ош облусунда – 8, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2 жана Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 497 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 191 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1057 бейтаптын абалы орто оордукта, 362 адамдын абалы оор жана 72 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 436 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 363 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп кошумчалады министрдин биринчи орун басары.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 95 миң 752 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 89 миң 461 киши айыгып чыкса, 1 миң 612 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий