• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 484 адамдан COVID-19 жаңы табылды. Жалпы 58 миң 878 учур

COVID - 19 0

Бишкек, 31.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда 31-октябрь саат 12:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 484 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республилкалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, коронавирус Бишкекте - 123, Ош шаарында - 32, Чүй облусунда - 50, Ош облусунда - 43, Талас облусунда - 18, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 37, Жалал-Абад облусунда - 110, Баткен облусунда - 66 адамдан аныкталган.

Илдеттен акыркы бир сутка ичинде 461 бейтап сакайып чыкты. Бишкекте - 84, Ош шаарында - 45, Чүй облусунда - 48, Ош облусунда - 69, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда - 8, Ысык-Көл облусунда - 29, Жалал-Абад облусунда - 90, Баткен облусунда - 76 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 49 миң 983 бейтап айыкса, 58 миң 878 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 145 жаран көз жумган. Бир күндө Баткен облусунда үч адам каза болгон.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 413 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 767 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча бир медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан бир, үй карантининен жети медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 613 учур катталды, алардын ичинен 3 324 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий