• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 54 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 6 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 21.02.21./Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 54 адамдан табылып, 6 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 16, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда - 2, Талас облусунда - 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда - 5, Баткен облусунда - 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 66 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте коронавирус – 24 адамдан, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 26, Нарын облусунда – 2, Жалал - Абад облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда – 10, Баткен облусунда - 1 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте- 5 жана Жалал-Абад облусунда – 1 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 396 бейтап, амбулатордук түрдө 339 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 202 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 150 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 885 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 756 киши айыгып чыкса, 1 миң 458 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий