• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Статистика: Бүгүн дагы 55 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 55 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус Бишкекте – 14, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 20, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 9, Баткен облусунда – 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 61 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте 27, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 18, Ысык-Көл облусунда – 4, Талас облусунда – 1, Жалал - Абад облусунда – 2, Нарын облусунда – 7 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте – 2 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 410 бейтап, амбулатордук түрдө 371 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 1 учур катталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 197 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 126 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 619 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 452 киши айыгып чыкса, 1 миң 446 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий