• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статистика: Бүгүн дагы 551 адамдан COVID-19 жаңы табылды. Жалпы 66 миң 504 учур

COVID - 19 0

Бишкек, 15.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда 15-ноябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 551 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республилкалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, коронавирус Бишкекте - 147, Ош шаарында - 34, Чүй облусунда - 104, Ош облусунда - 42, Талас облусунда - 25, Нарын облусунда - 6, Ысык-Көл облусунда - 62, Жалал-Абад облусунда - 77, Баткен облусунда - 54 адамдан аныкталган.

Илдеттен акыркы бир сутка ичинде 474 бейтап сакайып чыкты. Бишкекте - 105, Ош шаарында - 24, Чүй облусунда - 43, Ош облусунда - 67, Талас облусунда – 16, Нарын облусунда - 6, Ысык-Көл облусунда - 35, Жалал-Абад облусунда - 85, Баткен облусунда - 93 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 57 миң 321 бейтап айыкса, 66 миң 504 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан жалпы 1 миң 199 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкек шаарында эки жана Ош облусунда бир адам каза болгон.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 318 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 972 киши дарыланууда.

Сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Алардын ичинен 5 медкызматкер "кызыл зонада" жуктурган. Ал эми бир суткада үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 715 учур катталды, алардын ичинен 3 490 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий