• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 556 адамдан COVID-19 жаңы табылды. Жалпы 62 миң 304 учур

COVID - 19 0

Бишкек, 07.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда 7-ноябрь саат 12:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 556 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республилкалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, коронавирус Бишкекте - 160, Ош шаарында - 42, Чүй облусунда - 95, Ош облусунда - 54, Талас облусунда - 17, Нарын облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 40, Жалал-Абад облусунда - 91, Баткен облусунда - 50 адамдан аныкталган.

Илдеттен акыркы бир сутка ичинде 551 бейтап сакайып чыкты. Бишкекте - 143, Ош шаарында - 20, Чүй облусунда - 75, Ош облусунда - 95, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда - 12, Ысык-Көл облусунда - 42, Жалал-Абад облусунда - 83, Баткен облусунда - 2 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 53 миң 406 бейтап айыкса, 62 миң 304 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 172 жаран көз жумган. Бир күндө Ош облусунда эки адам каза болгон.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 445 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 645 киши дарыланууда.

Сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 7, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 640 учур катталды, алардын ичинен 3 410 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий