• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 57 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 57 адамдан табылып,бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 24, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 6, Талас облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда бир кишиден коронавирус табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 59 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте коронавирустан – 17, Ош облусунда – 7, Чүй облусунда – 23, Ош шаарында - 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Баткен облусунда - 5 киши айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 353 бейтап, амбулатордук түрдө 280 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми бир сутка ичинде стационардан бир, үй карантининен 3 медик айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 205 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 183 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 308 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 269 киши айыгып чыкса, 1 миң 467 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий