• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 58 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 58 адамдан табылып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 18 адамдан, Чүй облусунда – 24, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 11, Талас облусунда – 1, Жалал - Абад облусунда - 1, Баткен облусунда - 1 кишиден табылган. Ал эми бир сутка ичинде 115 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 47, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 34, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда - 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 414 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 545 бейтап, амбулатордук түрдө 650 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Үй карантининен 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 177 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 92 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 646 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 102 киши айыгып чыкса, 1 миң 414 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий