• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 58 адамдан COVID-19 жаңы табылса, 203 бейтап айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 02.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2-январь саат 10:00гө карата бир суткада коронавирус 58 адамдан табылып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 30 адамдан, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 7, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 4, Баткен облусунда – 3 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 203 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 75, Ош шаарында – 17, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда – 7, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 13, Баткен облусунда 6 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 358 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкек шаарында эки адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 985 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 604 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча эки медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй карантининен 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 120 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 932 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 81 миң 214 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 76 миң 351 киши айыгып чыкса, 1 миң 358 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий