• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 69 адамдан COVID-19 табылып, 3 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 69 адамдан табылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 28 адамдан, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда – 19, , Жалал-Абад облусунда - 3 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 110 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 55, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 31, Ош облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 9 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 387 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 3 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 790 бейтап, амбулатордук түрдө 967 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен 3, стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 158 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 59 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 178 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 79 миң 104 киши айыгып чыкса, 1 миң 387 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий