• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 71 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 71 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 33 адамдан, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 27, Ош облусунда - 2, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал - Абад облусунда - 1, Баткен облусунда - 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 98 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 40, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 24, Ош облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда - 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 401 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 661 бейтап, амбулатордук түрдө 952 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 168 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 75 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 971 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 80 миң 25 киши айыгып чыкса, 1 миң 401 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий