• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 72 адамдан COVID-19 табылып, 3 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 06.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 72 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 27, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 4, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда - 2, Талас облусунда - 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 98 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте 40, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда – 27, Ош облусунда - 4, Нарын облусунда – 5, Жалал - Абад облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда – 11, Баткен облусунда - 6 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 423 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте - 1 жана Чүй облусунда - 2 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 492 бейтап, амбулатордук түрдө 596 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 180 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 102 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 992 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 542 киши айыгып чыкса, 1 миң 423 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий