• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 75 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 75 адамдан табылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 32, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал – Абад облусунда – 4, Баткен облусунда 2 кишиден коронавирус табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 83 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте 30, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда – 32, Ош облусунда - 7, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал - Абад облусунда – 6 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ош облусунда – 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 427 бейтап, амбулатордук түрдө 522 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 192 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 109 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 328 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 6 киши айыгып чыкса, 1 миң 437 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий