• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 76 адамдан COVID-19 жаңы табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 31.01.21./Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 76 адамдан табылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 32, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 4 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 115 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте коронавирус – 65 адамдан, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 15, Ош облусунда - 8, Нарын облусунда – 2, Жалал - Абад облусунда - 8, Ысык-Көл облусунда – 15 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 412 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Чүй облусунда 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 586 бейтап, амбулатордук түрдө 702 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 173 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 90 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 529 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 80 миң 896 киши айыгып чыкса, 1 миң 412 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий