• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Статистика: Бүгүн дагы 79 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 07.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 79 адамдан табылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 19, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 32, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 15, Талас облусунда - 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 93 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте 35 , Ош шаарында - 3, Чүй облусунда – 30, Ош облусунда - 6, Нарын облусунда – 1, Жалал - Абад облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда – 12, Талас облусунда - 2, Баткен облусунда - 1 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 426 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте - 1 жана Ысык-Көл облусунда - 2 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 462 бейтап, амбулатордук түрдө 609 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 182 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 102 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 71 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 635 киши айыгып чыкса, 1 миң 426 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий