• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Статистика: Бүгүн дагы 82 адамдан COVID-19 табылып, бир адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 82 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 55, Чүй облусунда - 19, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда - 3 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 46 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 23, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 17 жана Ысык-Көл облусунда – 5 киши айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ысык-Көл облусунда бир адам кала каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 395 бейтап, амбулатордук түрдө 363 адам дарыланууда.

Штабдан билдиришкендей, бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 217 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты", - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 321 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 130 киши айыгып чыкса, 1 миң 488 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий