• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Статистика: Бүгүн дагы 83 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 83 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус Бишкекте – 22, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 58 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте 28, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 6, Нарын облусунда – 6, Жалал - Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 1 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте – 3 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 411 бейтап, амбулатордук түрдө 386 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 201 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 140 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 772 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 583 киши айыгып чыкса, 1 миң 450 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий